Биз менен байланышыңыз

Муфтият Рамазан айындагы битир-садаканын баасын аныктады

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 824 | 0

Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти. Битир-садаганын 2020-жылдагы эң аз өлчөмү 35 сомго барабар болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

  • Буудай – 35 сом;
  • Мейиз – 384 сом;
  • Ун – 60 сом;
  • Арпа – 54 сом;
  • Курма – 512 сом.

Маалыматка ылайык, ыйык Рамазан айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына барабар.

Садака берүүчү адам көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгарууга болот.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат.

Copyright © 2017 Maral FM