Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн 6110 квота бөлдү

Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 2748 | 0

Сауд Арабиясы 2020-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашты.

Муну менен катар тараптар 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөр, Сауд Арабиясынын ажылык министрлигинин электрондук системасы боюнча сүйлөшүштү. Жолугушуунун соңунда  тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Кыргызстанга 6110 квота берилгендигин айтылды.

Белгилеп өтсөк, 2019-жылкы ажылык үчүн Кыргызстанга 5485 квота бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 30-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек, КР Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек АкышевКМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев менен биргеликте Сауд Арабиясынын ажылык министрлигинин чакыруусу менен ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM