Биз менен байланышыңыз

Ажылыкка аттангандардын алгачкы тобу бүгүн учат

Коом | 16 Июл 2019 | 539 | 0

Ажылыкка аттангандардын алгачкы тобу бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабияга учат. Зыяратчылардын алгачкы тобунда 392 адам жана аларды коштогон 8 ажы башчы бар. Быйылкы ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы 5510 орун бөлгөн. Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын өтүнүчү менен дагы кошумча 500 орун каралганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин билдиришинче, быйылкы ажылык сапарын уюштуруу 2018-жылдын декабрь айында башталган. Мунун негизинде 50 адамдан турган топторго бөлүнүп, ар бир топко бирден ажы башчы дайындалган. Ошондой эле, коопсуздук үчүн электрондук бейжиктер таратылып, телефондорго атайын тиркемелер орнотулган. Ажылык убактысында тейлөөчү кызматтардын бардыгын мекеме аралык комиссия тарабынан сынактын негизинде тандап алышкан. Ал эми ажыга баруучуларды сынакта жеңүүчү болгон Сауд Арабиясынын «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт.

— Быйылкы жылы ар бир ажылыкка баруучуга бекитилген төлөм 3000 АКШ долларын түздү. Мунун ичинде барып-келүү жол чыгымы, бир айлык жатаканасы, транспорт чыгымы, эки маал ысык тамак, бир маал жеңил тамак, айтор, бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Акыркы үч жылдан бери ажылыкка каттоо электрондук түрдө жүргүзүлөт. Атайын телефон үчүн тиркемелер иштелип чыккан. Ошол аркылуу  жарандар тизмеге катталган, катталбаганын билсе болот.

«Ажылык сапарды уюштуруу биздин мекеменин тыкыр көзөмөлүндө», — деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын укуктук камсыздоо жана диний уюмдарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Ниязбаев. 2019-жылдын 9-январынан 30-январына чейин ажылык сапарга барууну каалагандар үчүн РСК банк аркылуу төлөмдөр кабыл алынган. Анын негизинде ажыга баруучулардын кезеги аныкталган. Ал эми аймактарга квота бөлүштүрүү Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасынын негизинде жүргүзүлөрүн айтып, буларды билдирди:

— Ажы башчыларды сынак аркылуу тандап алуу быйылкы ажылык сапардын өзгөчөлүгү болду. Аларды «Кыргызтест» менен биргеликте эки этаптан турган сынактан өткөрдүк. Бул адамдык факторлорду азайтып, ар кандай нааразычылыктардын алдын алат. Ал эми Сауд Арабиясынын талабы боюнча ажыларды ташууда тендерге 50 пайыз алардын, 50 пайыз биздин компаниялар катышышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ажылык сапардагы каржылык маселелер жана квота бөлүштүрүү боюнча тийиштүү мекемелерге кат жолдоп, жооп ала албай жатканын Твиттердеги баракчасына жазып чыккан.

— Айтмакчы, биздин тийиштүү мекемелер ажылык сапарын уюштуруудагы каржы маселеси жана квоталарды бөлүштүрүү  боюнча жолдогон катыма бир айдан бери жооп бере элек. Бул аракет аталган тармакта да жемкорлук бар деген шектенүүмдү күчөтөт. Мага белгилүү болгондой, ал жакта миллиондогон доллар тууралуу сөз жүрүп жатат.  

Ал эми Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов бул пикирди четке каккан.

«Ажылык сапарга бөлүнгөн орундарды электрондук жол менен бөлүштүрө баштагандан бери кыйла кемчиликтер жоюлду», — дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев. Анын айтымында, ага чейин квоталарды Өзбекстан, Тажикстан, Түркия мамлекетинин жарандарына жең ичинен саткан фактылар катталган. Электрондук бөлүштүрүүдө быйылкы жылы кезек жетпей калган жарандар келерки жылы автоматтык түрдө каттала аларын, бул жарандарга ыңгайлуулук түзүп берерин айтты.

— Ажыларды ташууга тендер жарыялайт, бирок баары бир Сауд Арабиясынын авиакомпаниялары утат. Анткени, биздин учактар «кара тизмеге» алынып калган, катыша албайт. Алар: «Ажылыкка ташууда тендерге Сауд Арабиясынын, анан ажылыкка жарандарын жөнөткөн өлкөнүн гана авиакомпаниялары катыша алат» — деген чечим кабыл алышкан. Алардын кызмат көрсөтүүсү жакшы, бирок монополист болуп жатышат да. Ажыларды тейлөө жагын муфтият жакшы уюштуруп жатат. Ал жакта бардык шарттар түзүлүптүр. Бирок ажы башчыларды тандоодо тааныш-билиштик болуп жатат деген сөздөр бар.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын декабрь айында Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин чакыруусу менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация Мекке шаарында болуп, ажылыкка байланыштуу бир топ маселени талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM