Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Ажыга баруучуларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөгө конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 621 | 0

2020-жылдын ажылык иштери башталып калганына байланыштуу ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конкурс 2020-жылдын 28-январында саат 10:00дө Муфтияттын жыйындар залында  өтөт. Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 17–декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин жүрөт.  Жыйынтык 2020-жылдын 29-январында жарыяланат.

Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Copyright © 2017 Maral FM