Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына чакырылды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 692 | 0

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Замир Жоошев бүгүн, 13-декабрь саат 17:00гө чакырылган. Чакыруу Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынын жетекчиси К. Биримкуловдон келген.

Ошондой эле, адвокат Замир Жоошев аталган чакырууга карата өзүнүн бир канча сын-пикирлерин айтып, Аскер прокуратурасына барбай турганын билдирген.

«Ким катары чакырылганым, кайсы маселе боюнча чакырылганым, кайсы тергөөчүгө бара турганым, өзүмдүн жеке адвокатым менен келип-келбестигим, барбай калса кесепети кандай боло турганы жана бара албай калуу себептерин билдирүү үчүн эч кандай телефон номерлер, электрондук даректер көрсөтүлгөн эмес», — деп жазган Жоошев.

Copyright © 2017 Maral FM