Биз менен байланышыңыз

Трамп: Британияны Брекситтен соң ири соода келишим күтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 492 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиядагы кезектен тыш парламенттик шайлоодо премьер-министр Борис Жонсон жетектеген Консервативдик партиянын жеңиши менен куттуктады. Ошондой эле, Британия Европа Биримдигинен чыккан соң, Лондон менен Вашингтон жаңы “ири соода келишимин” түзө аларын билдирди.

«Борис Жонсонду чоң жеңиши менен куттуктайм! Эми Брексит ишке ашкан соң, Британия менен АКШ олуттуу ири соода келишимин түзө алат. Бул келишим Европа Биримдиги менен түзө ала турган келишимдерге караганда бир топ ири жана пайдалуу болот»,- деп жазды америкалык лидер Твиттердеги баракчасында.

Copyright © 2017 Maral FM