Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Япон Өкмөтүнүн жардамы таратылды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 451 | 0

Япония элчилиги Бишкек мэриясына жол куруучу заманбап унаа тапшырды. Анда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын жолчулары асфальт таптоочу үч техника алышты. Жардамдар шаар мэри Азиз Суракматов менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки мырзанын жолугушуусунда тапшырылды. Анда мэрия Япон элчилиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен тыгыз кызматташып келээри айтылды.

Жардам Япон Өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында берилген. Япон Өкмөтүнүн жардамы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине да берилди. Анда үйлөнмө кайык, суучулдар кийими, түрдүү өнөр станоктору, протездик-ортопедиялык буюмдар мекемелери үчүн тигүүчү машиналар бар.

Бул жардамдар 2015-жылдагы макулдашууга ылайык берилди. Анын жалпы баасы 63 млн сомго жетет.

Copyright © 2017 Maral FM