Биз менен байланышыңыз

Синдзо Абэ премьер-министрлик кызматын тапшырат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 400 | 0

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүүнү көздөөдө.

Өкмөт башчынын пресс-кызматы маалымдаганына караганда, акыркы күндөрү ооруканага эки ирет барганы айтылууда.

«Синдзо Абэ бир топ жылдан бери жоон ичегинин сезгенүүсү илдетинен жабыркап жүрөт. Дал ушул оорунун айынан ал 2006-жылы өкмөт башчылык кызматын таштоого аргасыз болгон. Дарыланган соң илдет басаңдап, кайра 2012-жылы премьер-министр болуп дайындалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Абэ акыркы текшерүүлөр маалында өнөкөт оорусу күчөй баштаганын билгени кабарланды.

«Бул илдет жанды кыйнаган оору менен коштолгондуктан, премьер ишке тоскоол болорун билип, кызматтан баш тартканы жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

24-август күнү Абэнин премьерликти аркалап жатканына туура 2 799 күн болгон. Бул Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган мөөнөт болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM