Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-жапон соода, инвестиция алакалары тереӊдейт

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 572 | 0

Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Соода өнөр-жай палатасынын башкаруучу директору Такаши Кугаи менен жолугушту. Жолугушуу кечээ өткөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти бүгүн билдирди.

Тараптар Соода-өнөр жай палаталар аралык эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашып, соода жана инвестициялар жаатындагы алакаларды мындан ары тереӊдетүүнүн келечеги жөнүндө пикир алышты.

Жолугушуунун соӊунда, Кыргызстандын экономикалык дараметин Японияга таанытууга багытталган иш-чараларды биргелешип өткөрүү макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM