Биз менен байланышыңыз

Арстанбаев Япониянын футбол ассоциациясынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 577 | 0

10-октябрда Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев менен Япониянын Футбол ассоциациясынын президенти К.Ташиманын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстан жана Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү спорттун маанилүү ролун эске алуу менен бирге, Арстанбаев эки өлкө ортосундагы таймаштардын алкагында кошумча иш-чараларды уюштурууну сунуштады.

Тараптар 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнөлүк Чемпионатка карата ушул жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында жана 2020-жылы 9-июнда Японияда өткөрүүгө пландаштырылган тандоо матчтары тууралуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун аягында элчи, достук түрүндө Японияга кыргыз командасы менен матчтан сырткары, келе жаткан мелдештердин баарында жеңиштерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM