Биз менен байланышыңыз

Мирлан Арстанбаев «Toshiba» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 515 | 0

Бүгүн, 26-июлда Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын жетекчилиги менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган компания менен кызматташууну тереңдетүүнүн багыттарын талкуулашты.

Элчи Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын рыногуна кирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, эки тараптын кызыкчылыгына татыган маселелерди кененирээк талкуулоо максатында Бишкекке сапар жасоону сунуштады.

Тараптар бул маселе боюнча кеңеш берүүнү улантууну макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM