Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоонун башчысы окшош унаа номурлар боюнча милицияга кайрылды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 374 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов жасалма унаа номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазды.

Мамлекеттик кызматкер Ички иштер министрлигине (ИИМ) 6-декабрда кайрылганын Башкы прокуратура бүгүн, 12-декабрда маалымдады.

Мамбетов арызында жеке адамдын маалыматы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жалган кабар таратылганына байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганы кабарланат.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «01 578 ASD» номур беш түрдүү унаага тагылганы аныкталган. Алардын биринде Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшош бирөө унаа башкарып баратып, жанында отурган айымдын койнуна кол салып жаткан сүрөтү чыккан.

Бул коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM