Биз менен байланышыңыз

Украинада депутат парламенттеги мушташтан соң ооруканага түштү [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 644 | 0

Украинадагы «Эл кызматчысы» партиясынын депутаты Андрей Богданец парламенттеги мушташтан кийин ооруканага жаткырылды. Анын мээси чайкалган болушу мүмкүн экендиги айтылган. Бул тууралуу депутаттын кесиптештери Фейсбукка жазышууда.

“Эл кызматчысынын” депутаты 11-декабрда «Эркиндик» фракциясынын депутаты Эдуард Леонов менен Жогорку Радада агрардык комитеттин жыйынынан соң мушташа кеткен. Жыйында айыл чарба жерлерин менчиктештирүү маселеси каралган болчу. «Эркиндик» фракциясы жерди менчиктештирүүгө каршы болуп келет.

Бийликтеги «Эл кызматчысы» партиясы билдирүү таратып, мушташты мыйзам чыгаруу ишин үзгүлтүккө учуратууну, парламенттеги абалды бузууну көздөгөн атайын уюштурулган чагым деп баалады.

Ал эми Фейсбук колдонгон украин жарандарынын кээ бирлери «өлкөнү уят кылды» деп жазышса, дагы бирөөлөрү «өздөрүн көрсөтүш үчүн жасаган кара пиары» деген тариздеги пикирлерин калтырышкан.

13-ноябрда украин мыйзам чыгаруучулары айыл чарба жерлерин сатуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Бирок мындай кадам  чет элдиктердин жер сатып алуусуна жол ачат деген чочулоо да бар.

Copyright © 2017 Maral FM