Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүчүлөр менен жолугушту

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 421 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Премьер экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүдө ишкерлердин жардамынын мааниси чоң экенин белгиледи.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев учурдагы экономикалык абалды эске алганда, ишкерлердин колдоосу өлкөгө зарыл болуп турганын белгиледи.

Өлкө калкынын 65%га жакыны айыл жергесинде жашайт, алардын көпчүлүгү дал ушул айыл чарбасы менен жан багат. Бирок мурда тармак ИДПнын 1\3 бөлүгүн түзсө, азыр көрсөткүчү үч эсе азайды. Көпчүлүк учурда бул дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыктын өсүшү жана айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча жаңы технологиялардын пайда болушунан улам болууда, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын иштеп чыгуу үчүн бул чөйрөдөгү ири ассоциациялардын өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Көпчүлүк экологиялык жактан таза продукцияны өстүрүүгө караганда, импорттолуп келген продукцияны сатып алууга артыкчылык берерин тажрыйба көрсөтүүдө. Заманбап трендди эске алуу менен, ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүү керек. Биз аймактарды кластердик багыттар боюнча бөлдүк, буларды жүзөгө ашыруу менен региондордун экономикалык дараметин көтөрүүгө жана айыл элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт. Фермердик чарбалардын чачыранды жана чакан болушу тийиштүү деңгээлдеги экономикалык натыйжаны бербей жатат. Келечектеги жумуштарды карап чыгып, кеңири масштабдуу иштерди жасоо керек. Буга байланыштуу муну менен биз кооперациялардын өнүгүшүнө жана элеттеги товар өндүрүүчүлөрдү чыңдоого жетишерибизге ишенип жатабыз. Бул өз кезегинде фермерлер өз продукциясын дүңүнөн сатуу үчүн пайдалуу келишим түзүүнү, атаандаштыкка туруштук берүү, айыл чарбасына керектүү техникаларды алууну жана заманбап техникаларды, анын ичинде жердин бузулушуна каршы иштете тургандарын пайдаланууну шарттайт, — деди премьер-министр.

Абылгазиев агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн так планын иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндөгү сунушун колдоду.

Өкмөт фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди, лизинг шартында атайын техникаларды берүү менен, аларга активдүү түрдө көмөктөшүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле учурда биздин алдыбызда ар бир үйдүн дасторкону ата мекендик продукцияларга толуп туруш үчүн биргеликте иш жүргүзүүбүз керек, — дейт премьер министр.

Маалымдама: «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» 2019-жылдын август айында түзүлгөн. Ал чийки заттардын базасын, Кыргызстандагы фермерлердин абалын жакшыртуу жана кыргыз продукциясынын экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн кайра иштетүүчү ири ишканаларды бириктирет.

Copyright © 2017 Maral FM