Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинин жаңы директору эмгек жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 1022 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинин директорлугуна жаңы дайындалган Айгүл Мамбетказиеваны эмгек жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө бул музейдин алдында чоң иш аракеттер турат. 2020- жылы музейдин ремонттон өткөрүү. Андыктан, бул музейде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан адис катары алдыга коюлган милдеттерди толугу менен жоопкерчиликтүү аткарасыз деп ишенем. Ошондой эле, музейде өтүп жаткан ар бир иш- чарага дыкат мамиле кылууңузду өтүнөм— деп билдирди министр Жаманкулов.

 Айгүл Мамбетказиева Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 5-декабрындагы буйругу менен дайындалды. Билим жогорку. 1978- жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун аталган эле музейден баштап, ушул күнгө чейин эмгектенип келген. “Борбор Азиянын маданият жана искусство боюнча түйүнү” коомдук уюму башкармалыгынын мүчөсү болуп эсептелет.

Эске сала кетсек, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин мурунку директору Мира Жангарачева имаратты феминисттик кыймылдын провакациялык иш-аракеттери үчүн ижарага бергенин өз ишине болгон калпыстык деп баалап, арызын жазган. Арызга министр Жаманкулов кол коюп, Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошоткон.

 

Copyright © 2017 Maral FM