Түштүк Корея Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму аркылуу Түндүк Кореяга 5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу туштүк кореялык Биригүү иштери боюнча министрлиги маалымдады.
Каражат түндүк кореялык аялдарга жана балдарга медициналык кызматтарды жакшыртуу максатында коротулмакчы. Министрлик бул проект аялдар менен ымыркайлардын өлүмүн азайтат деген ишеничин билдирген.
Акыркы ирет Түштүк Корея Саламаттыкты сактоо уюму аркылуу Түндүк Кореяга 2014-жылы каражат бөлгөн. Ал эми ушул жылдын июнь айында Сеул Пхеньянга БУУ аркылуу 8 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат балдар менен кош бойлуу аялдарды тамак-аш менен камсыздоо үчүн берилген. Жардам Түндүк Кореянын табигый кырсыктардан жана эл аралык санкциялардын айынан азык-түлүк жетишсиздиги жаралган аймактарындагы миллиондогон тургунду колдоп, көйгөйдү чечүү багытына жумшалган.