Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Апа» тууралуу биринчи позитивдүү клип тартылды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 780 | 0

Азыркы учурда Ак Өргөнүн таланттуу балдары клип тартып жатышкан учур. Бул тууралуу Самат Эркинбеков «Маралга» билдирди:

Апоу» аталышындагы клип жакында элге тартууланат. Бул клиптин өзгөчөлүгү — бир эле кадр менен үзүлбөй тартылгандыгында. Абдан көп убакыт даярданганбыз. Бирок тартуу иштери бир түндүн ичинде эле бүттү. Негизи, апа тууралуу ырлардын көбү жай ыргактагы, кайгылуу ырлар болот эмеспи. А биздики болсо, апа тууралуу биринчи чыккан позитивдүү ыр деп айтсам болот. Бул ыр, 15-20 жыл мурда ырдалган чыгарма экен. Ырдын автору Максат Сулайманов. Биз ошол эски ырды жаныладык. Кээ бир сөздөрүн оңдоп, азыркы учурга ылайыкташтырып жасадык. Апаларды даңазалаган ырлардан болду. Ырды AR ORGO BOYS жана АИ-92 деген тобубуз менен аткардык. Клип да элибиздин көңүлүнө жагат деп ишенебиз.

Copyright © 2017 Maral FM