Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаев боюнча сот судья Кайыповдун ооруп калганына байланыштуу жылды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 428 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна белгиленген “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот иши кийинкиге жылдырылды.

Буга сотко төрагалык кылуучу судья Эмил Кайыповдун ооруп калганы себеп болду. Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Эске сала кетсек, өткөн аптада Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан сотко алынып келинген. Анда Атамбаев кылмыш иши менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Атамбаев иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Copyright © 2017 Maral FM