Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум уланды

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 583 | 0

Бүгүн, 14-январда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум Улуттук Коопсуздук комитетинин (УКМК) имаратында уланды.

Соттук териштирүү жабык эшик артында өтүүдө. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов келген.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө «коррупция» беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Copyright © 2017 Maral FM