Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл Батукаевди бошоткон судья дагы 2 ай тергөө абагында болот

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 462 | 0

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча өкүм чыгарган Нарын шаарынын судьясы Жапар Эрматов дагы эки ай камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эрматов Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында камакта 2020-жылдын 22-февралына чейин кармалат.

Буга чейин айыпталуучунун жактоочусу Жапар Эрматов мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM