Биз менен байланышыңыз

УКМКда Батукаевдин иши боюнча сот процесси өтүүдө

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 530 | 0

Ушул тапта Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча сот процесси өтүп жатат. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышып жатат. Ошондой эле, процесске Атамбаевдин жактоочулары жана экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева да келди.

Сот иши буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Эмил Кайыповдун төрагалыгы менен жабык эшик артында өткөн.

Сот отурумдары Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык болбогонуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган. Ушундан улам, мамлекеттик айыптоочулар процессти УКМКда өткөрүүнү өтүнүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM