Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин бошотулушуна шектүүлөрдүн үй камагындагы мөөнөтүн узартылды

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 432 | 0

Мурунку баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованын үй камагындагы мөөнөтү 2020-жылдын 28-февралына чейин узартылды. Мындай чечимди кечээ, 23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Салянова «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин негизинде ушул жылы 4-июнга караган түнү кармалган.

Биринчи май райондук соту 15-августта Аида Салянованы үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Мындай чечим анын тергөө менен кызматташууга макулдук бергенден кийин кабыл алынган.

Ушундай эле негизде ошол кезде жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган Шамиль Атаханов, Динара Сагинбаева, Марат Бекенов, Эмиль  Макимбетов, атайын прокурор Кубат Жуматаев жана №47 түзөтүү жайынын дарыгери Фархад Атаходжаев жана 80 жаштагы жактоочу Али Касымовго карата да ушундай чечим кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM