Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Азиз Батукаев боюнча бүгүнкү сотко Алмазбек Атамбаев келет

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 720 | 0

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча сотко башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келет. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Замир Жоошев маалымат каражаттарына билдирди. Адвокат кечээ Атамбаев менен сүйлөшкөндө ал сотко келерин айткан.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 17-декабрда саат 14:00гө Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум белгиленген.

Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор беренелер менен айыпталууда. Аталган иш менен мурдагы баш прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM