Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин сот иши: Алмазбек Атамбаев 15-мартка чейин камакта болот

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 815 | 0

Сот “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын узартты. Чечимге ылайык, айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 15-мартка чейин камакта болот.

Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим УКМКда бүгүн өткөн соттун көчмө отурумунда кабыл алынган. Ошондой эле кылмыш ишин кароо мөөнөтү дагы узартылган.

Алмазбек Атамбаев соттук териштирүүгө катышпаса да, анын баш коргоо чарасы каралып, 15-мартка чейин узартылды. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү тууралуу маселе каралып, узартылды. Учурда Атамбаевдин абалы жакшы», — деди жактоочу. Слесарев ошондой эле кийинки отурумду Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү боюнча өтүнүч келтирерин кошумчалайт.

Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова сот анын ден соолугуна байланыштуу токтотулуп, 16-январга жылдырылганын айткан.

Бүгүнкү соттук териштирүүгө мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышкан.

Эске сала кетсек, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш боюнча 19 киши айыпталууда. Алардын сап башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бар.

Copyright © 2017 Maral FM