Биз менен байланышыңыз

УКМК: Журналисттик иликтөө боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 626 | 0

Аткезчилик боюнча журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу тергөө иш-чараларын улантып жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди.

Бул факты Башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө ишин сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүүдө.

Буга чейин УКМКга Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов сурак беришти.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле «Азаттык медиасынын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары суракка чакырылышкан. Тергөө иштеринин объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп, коомчулукка ар дайым ачык маалымдалып турарын УКМК билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM