Биз менен байланышыңыз

Жакшы жашоо издеп Европага жөнөгөн 57 мигрант сууга чөгүп каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 660 | 0

Мавританиянын суулуу аймактарында легалсыз мигранттар болгон кеме чөгүп кетти.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, оодарылып кеткен кемедеги 74 адам куткарылган. Ал эми каза болгондордун саны 57ге жетти.

Кеме Мавритаиянын түндүк-батышында Нуадибу шаарынан 25 километр алыстыкта Испанияга карай сапар тартып бараткан.

Куткарылган мигранттар убактылуу түрдө качкындар борборуна жайгаштырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Мавритания Европага жетүүнү каалаган легалсыз мигранттар үчүн африкадагы негизги өтмөктөрдүн бири.

Copyright © 2017 Maral FM