Биз менен байланышыңыз

10 ай аралыгында чек арачылар тарабынан канча аткезчилик жүк кармалганы айтылды

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 496 | 0

Мамлекеттик чек арадан 10 ай аралыгында 21 млн 300 миңден ашуун адам өткөрүлүп, 1 млн 553 миң 130 бирдик транспорт каражаты өткөрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. .

Мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн 189 адам, чек ара режимин бузгандыгы үчүн — 47 адам кармалган. Туура эмес документи менен 4 миң 513 адам аныкталган. 1087 адам депортация болгон.

10 ай аралыгында чек арачылар жалпы суммасы 33 млн 012 миң 192 сомду түзгөн аткезчилик жүктү, ошондой эле 4 миң кг. бангизатын (кара куурай) жана бангизат прекурсорлорун (кислота №1) — 820 литр таап кармашкан.

Отчеттук мезгил аралыгында  5 бирдик курал, 111 даана ок-дары жана 3 снаряд табылган.

Copyright © 2017 Maral FM