Биз менен байланышыңыз

Өкмөт долбоорлорду өз убагында, сапаттуу даярдоону талап кылды

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 345 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш өттү. Анда Абылгазиев долбоорлорду ишке ашырууда аларды сапаттуу даярдоо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш эл аралык финансы институттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан 4 долбоорду карады. Алардын ичинде Ош, Каракол шаарларын жана Нарын облусунун 30дан ашуун айылын суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуунун алкагында объекттерди реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылды. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун баасы 10 млн АКШ долларын түзөт.

Премьер-министр долбоорлордун сапаты, даярдоо мөөнөтүндөгү кемчиликтерди белгилеп, сын айтты.

Долбоорлорду иштеп чыгууда жооптуу адамдар тарабынан комплекстүү мамиле жок. Бир нече жылда аягына чыга турган долбоорлор 5 жылдан ашык убакытка созулат. Долбоордук-сметалык документация даяр эмес, а бирок ратификациянын маанилүүлүгү каралып жаткан учурлар кездешет. Бардыгын эрежеси менен жасаган учурлар бар. Бирок кийин 2-3 жыл мурда бүткөн объекттер өз убагында сапатсыз аткарылган иштин айынан кайра каражат салууну талап кылып жатканы анык болот, — деп белгиледи премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM