Биз менен байланышыңыз

Министр Кашкар Жунушалиев Катардын эгемендик майрамына чакырылды

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 484 | 0

Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди Катар Мамлекетинин көз карандысыздык майрамына катышууга чакырды. Элчи расмий чакырууну бүгүн министр менен жолугушканда берди.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ИИМ менен Катар Мамлекетинин ортосундагы кызматташуу талкууга алынды. Анда кыргыз-катар укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы деңгээлин жогору баалышып, аны өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун аягында Кашкар Жунушалиев көп жылдардан берки достук мамиле министрликтердин эки тараптуу кызматташуусун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жардам берээрин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM