Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Атамбаевде 8 курал-жарак болгон

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 774 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде 8 курал-жарак болгон. Аталган курал-жарактар тергөө боюнча алынып, учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев Кой-Таш боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйынында билдирди.

Эске салсак, иликтөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, баш-аламандык аракеттерди жасагысы келген.

Кошумчалай кетсек, 7-8-август күндөрү өз тарапташтырына калкалануу менен үйүндө бекинип алган Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракат алышкан. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ошондон улам, бул факты Кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM