Биз менен байланышыңыз

Министр Кашкар Жунушалиевдин менчик унаасы да жок болуп чыкты

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 518 | 0

Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевдин өткөн жылы тапкан кирешеси 589 миң 747 сомду түздү.

Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Министр толтурган декларацияга ылайык, анын менчигинде 79 чарчы метр аянтты түзгөн турак үйү бар. Кашкар Жунушалиевдин унаасы, мал-жандыгы жок. Ал бир гана жумушунан алган маянасынын эсебинен жашай турганы көрсөтүлгөн.

Ал эми жакындарына турак үй жана жерлер катталган.

Copyright © 2017 Maral FM