Биз менен байланышыңыз

«Евробиримдик көтөргөн маселелер актуалдуу боло баштады»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2019 | 657 | 0

Евробиримдик көтөргөн маселерлер өткөн жылдарга салыштырмалуу актуалдуу болуп, аларага көбүрөөк маани бериле баштады. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдикте бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына тең карап, саясатта тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү. Аталган биримдиктеги 28 мамлекетке сөз берилип, алардын үнү угулууга тийиш.

-Евробиримдиктин өлкөлөрү менен өз ара түшүнүшүп, келечектеги маанилүү багыттар тууралуу талкуулар уюштурулушу керек. Бирок бул оңой иш эмес. Дүйнөдө көп жерде абал туруктуу эмес, айрым аймактарда согуш жүрүүдө. Дүйнөлүк чакырыктар чогуу иш алып барууну талап кылат. Мисалы, маселелерди чечүү үчүн биргеликте эл аралык форум өткөрүү керек. Мамлекеттер аралык кызыкчылыктарды урматтоо, тең салмакта кароо менен көйгөйлөрдү чече алабыз, — дейт Иверсен.

Элчи Германия башка өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин эске салды. Өлкөнүн аскердик күчтөрү тынчтык, туруктуулук талап кылынган аймактарда абалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатканын белгиледи:

-Алсак, Ливиядагы тынчтык демилгесин колдойбуз. Ошол эле учурда Ооганстандагы окуялар да биз үчүн олуттуу. Бул өлкөдө саясий процесстерди колдоого  алабыз. Сириядагы абалга да кызыктарбыз, ал жердеги саясий процесстерди да, мисалы, Конституциялык реформаны колдоого даярбыз. Йемен аймагы да биз үчүн көйгөйлүү аймак болуп саналат. Мындан сырткары, кызматташтыкты колдоо багытында Борбор Азия сыяктуу аймактар менен да иштешебиз«, — деп билдирди элчи.

Copyright © 2017 Maral FM