Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиевдин ролун 7-класстын окуучуcу аткарды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 572 | 0

Кочкор районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин утурлай, анын өмүр-таржымалын сахналыштырып  көрсөтүштү.

Бул кечеде Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Билимбек Союзбек уулу Усубалиевдин балалык кезин аткарган. Билимбек азыркы учурда 7-класста окуйт. Бул окуучу Турдакун Усубалиевдин Соң-Көл жайлоосуна ата-энеси менен барып, жайлоо менен таанышкан учурун аткарып, көңүлүн бурдура алган. Бул туралуу Билимбек: «Мен мектепте көптөгөн сынактарга катышып, көркөм окучумун. Ошол үчүн мени тандап алышты деп ойлойм. Жазылган сценарий боюнча ойнодум. Мен үчүн образга кирүү кыйын болгон жок. Бул роль аркылуу мен Турдакун атабыздын өмүр жолун билип калдым», — деп билдирди.

«Мен келечекте хирург болгум келет. Азыртадан эле чет тилдерин үйрөнүп жатам. Ошондой эл футбол ойногонду жактырам»,–деп кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM