Биз менен байланышыңыз

Разаков БУУ баңгизаттар боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору менен жолугушту

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 590 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Австрияга болгон иш сапарынын алкагында Венада Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков баңгитрафикке каршы күрөшүү, транс чек аралык кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн чек араларды натыйжалуу башкаруу, соттук-укуктук реформа, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, акча кымырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү, баңгизатынан көз карандылыктын жана АИВ/ИЖКС инфекцияларынын алдын алуу жана дарылоо чөйрөсүндө Кыргыз өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздабастан, анын ичинде ички жана тышкы коркунучтардан, ошондой эле заманбап чакырыктардан коргоосуз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес экендигин белгилешти.

БУУ баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов белгилегендей, Кыргызстанда чет өлкөлүк өнөктөштөр аркылуу ишке ашырылган долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө мындан ары даярдыктарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM