Биз менен байланышыңыз

Гутерриш: Коронавирустук пандемия көзөмөлдөн чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 800 | 0

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш коронавирус пандемиясы көзөмөлдөн чыккандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Вирус көзөмөлгө алынбай кала берүүдө. Вирустун курмандыктарынын саны жакында миллиондон ашат. Учурда уланып жаткан COVID-19 пандемиясы глобалдык көйгөйлөрдүн узун тизмесинде алдыңкы орунду ээлөөдө, — деди ал 16-сентябрдагы пресс-конференцияда.

Көпчүлүк эмдөөдөн үмүт кылып жатышканын белгилеген Гутерриш «пандемияга каршы дары жок» деди.  Ошондой эле ал жакын арада бул коронавирустук кризисти бир гана вакцина чечпей турганын айтты.

Мындан сырткары ал адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жакынкы 12 айда дарылоонун жаңы методдорун жана колдонулуп  келген шаймандарды кеңири колдонуу керектигин кошумчалады.

Гутерриш вакцинаны «глобалдык коомдук өндүрүш» катары кароону сунуш кылып, бирок баарына жеткиликтүү болушу керектигин эскертти.

Акыркы суткага карата Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 29,8 миллион адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 940 миңден ашууну каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM