Биз менен байланышыңыз

Австрияда жүргүнчүлөрдү учуучу таксилер ташыйт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 508 | 0

Австриянын Линц шаарында коомдук транспорттук система авиа такси – учуучу рейстер менен толукталат. Бул тууралуу Евро-Пульс билдирди.

Ага ылайык инфраструктура 2021-жылы курула баштайт. Авиатаксилер жүргүнчүлөрдөн тышкары жүктөрдү да ташыйт.

Линц шаарында 200 миңден ашык адам жашайт. Алардын көпчүлүгү шаар четинде жашашат. Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, ошол жер авиатаксилерди сыноодон өткөрүү  ыңгайлуу болот.

Линцте пайда болгон EHang 216 авиатехникасы австриялык жана кытайлык инженерлер тарабынан биргелешип иштелип чыккан. Авиатаксинин ичинде эки жүргүнчүгө же 260 килограмм жүккө орун бар. Ал эми структурасы чоң квадрокоптерге окшош. Аэроунаанын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жетип, жүккө жараша 50-70 чакырымды ашып өтүп, жарым сааттай абада жүрө алат. EHang 216 учагынын алгачкы сыноо учуулары 2019-жылы Венанын борборундагы футбол стадионунда өткөн. Ошондо аба унаасы жүргүнчүлөрду абага көтөрүп, стадионду айланып учкан.

Австриядан тышкары, учуучу унааларды Европа Бирлигинин башка өлкөлөрү да иштеп чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM