Биз менен байланышыңыз

Австрия: Отставкага кеткен жаш өкмөт шайлоодо кайрадан жеңип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 537 | 0

Австрияда кезектен тыш парламенттик шайлоодо мурунку канцлер Себастьян Курц жетектеген партия жеңишке ээ болду. Маалыматтарга ылайык, партия 38,4 пайыз добуш алган. Эми Курц өкмөт башчылыкка кайрадан талапкер болмокчу.

Учурдагы канцлер Бригитте Бирляйн июнь айында инаугурациясы өтүп, кызматка киришкен. Ал Австриянын тарыхында алгачкы аял канцлер катары калды.

Эске сала кетсек, май айында Австрия президенти Александер Ван дер Беллен Себастьян Курц жетектеген Өкмөттү отставкага кетирген. Ошондой эле, эң жаш канцлер аталган Себастьян Курц бийликте эң аз отурган жетекчи катары тарыхта калды. Тактап айтканда, ал кызматында болгону 525 күн гана отурган.

Вена университетиндеги Евразиялык изилдөө борборунун илимий координатору Александр Дубовин Себастьян Курц күзүндө канцлердик орунга кайра кайтып келерин, Курц жетектеген Австрия элдик партиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү сентябрдагы шайлоодо көпчүлүк добуш менен жеңишке жетишерин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM