Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Австриянын визалык борбору ишке кирет

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 916 | 0

2020-жылдын 1-январынын тарта Кыргызстанда Австриянын визалык борбору ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, Австрияга виза алуучулар Казакстанга барып убара тартышпайт, Бишкектен виза ачтырууга шарт түзүлөт.

«1-январдан тарта Бишкекте Австриянын визалык борбору иштеп баштайт. Ал эми Италия менен Испания бул тууралуу тарап ойлонуп жатат. Алар да жакын арада ачып берет деген ойдобуз», — дейт Имангазиев.

Эске салсак, Германиянын элчилиги жаңы жылдан тарта кыргызстандыктарга Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрү үчүн виза берүүсүн токтоторун билдирген. Аталган өлкөгө виза ачтырууну каалагандар Казакстанга барышы керектиги айтылган.

Элчи: Германия кыргызстандыктарга көп виза бере баштайт

Copyright © 2017 Maral FM