Биз менен байланышыңыз

Бүгүн АКШнын визалык чектөөсү күчүнө кирет

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 601 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. Бул документ бүгүн, 24-февралдан тарта расмий түрдө күчүнө кирет.

Кошмо штаттары кыргыз паспортторунун аброю, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө. Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык эмес визаларды берүүнү уланта берет. Иммиграциялык эмес визаларга саякат, бизнес, тажрыйба алмашуу жана студенттик визалар кирет. Визанын мындай түрлөрүнө чектөө киргизилген эмес.

  • Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп АКШга туруктуу жашап калууга чектөө салган 6 өлкөнүн ичине Кыргызстанды да кошкон.
  • Документ Нигерия, Эритрея, Мьянма жана Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына барып иштеп, туруктуу жашап калуусун чектейт.
  • Жаңы тыюу салуулар 24-февралда күчүнө кирет. Мындай өзгөрүүлөр буга чейин виза алган жана АКШда жашоого уруксаты болгон жарандарга таасир этпейт.

Консул Diversity Visa 2021 (грин-карта) — визалык лотереясына тапшырып, жообун күтүп жаткандар грин-карта утуп калса, кандай болору тууралуу айтып өттү:

«Азыркы визалык чектөөлөр жоюлмайынча буга тапшыргандардын көпчүлүгү АКШга барууга уруксат ала албайт»,- дейт Биб.

Анын айтымында, Америка 6 ай сайын бул чектөөлөрдү карап тургандыктан, Кыргызстан биометрикалык паспортторду киргизсе, чектөөлөрдүн алынышына шарт түзмөк.

Ошондой эле, кыргызстандыктар алдыдагы лотереяларга арыз тапшырып, катышса болот.

«Чектөөлөр иштеп турганда виза алууда кыйынчылыктар болот, ошентсе да визаны алууга такыр мүмкүнчүлүк жок эмес»,- деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM