Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жол кырсыкта каза болгондордун саны 8ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 792 | 0

Казакстандын Кызылорда облусунда катталган жол кырсыгынан каза болгондордун саны 8ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМдин өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахметов маалымдаган. Булардан сырткары, 20дан ашык адам жабыркаган.

Буга чейин 4 адамдын өлгөндүгү айтылган болчу.

Кызылорда-Кумкөл унаа жолунда тайгактан улам рулду башкаруу кыйындап, автобус оодарылып кеткен. Автобустун ичинде жалпы 36 жүргүнчү болгон.

Маалыматка ылайык, азырынча каза болгондордун өздүгү аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM