Биз менен байланышыңыз

Азамат Исмаилов: Кино тартабыз деп 3 машинаны талкаладык

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 263 | 0

Жакынкы арада көрсөтүлө турчу кино тасма тууралуу Азамат Исмаилов «Маралга» билдирди.

-Азыркы учурдагы кээ бир көйгөйлөрдү камтыган кино тартып жатабыз. Кино «Перекупшик» деп аталат. Негизинен, бул тасмада унаалар менен иштеген адамдар, алып-сатарлар туурасында тартылды. Көп адамдар ошонун айынан алданып калып жатышат. Ошол нерсе тууралуу чагылдырып берүүнү туура көрдүк. Кинону башкы каармандарын — мен, Шумкар Бейшеналиев жана Айпери Чотонова аткардык. Тасманын режиссеру дагы өзүм болдум. Бул кино аркылуу биз бир топ нерселерди жеткирип бере алабыз. Ошондой эле, кандай нерсе жасасаң дагы, кайра өз башыңа кайтып келери көрсөтүлөт. Ушул нерсенин бардыгы тамаша аркылуу жеткиребиз. Кинонун негизги өзгөчөлүгү бул экшн-комедия болуп эсептелет. Тартуу учурунда үч машина талкаланды. Кыргызстандагы эң күчтүү каскадерлор тобу менен иштештик. Дагы абдан көп өзгөчөлүктөр, кызыктар бар. Буюрса, өзүңүздөр көрүп, күбө боло аласыздар, — деди киноактёр.

Copyright © 2017 Maral FM