Биз менен байланышыңыз

Азербайжан парламенти өзүн-өзү таратат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 536 | 0

Азербайжан парламенти (Милли Межлис) өзүн-өзү таратуу чечимин жарыялады. Мындай чечим өлкө башчысынын реформа иштерин колдоо максатында депутаттар тарабынан кабыл алынган.

2-декабрда Милли Межлис жетекчиси Октай Асадов баштаган атайын жыйын өткөрүлүп, парламентти таратуу маселеси добушка коюлган. Бул демилгени депутаттар бир добуштан колдоп беришкен. Бул чечим өлкө башчысынын реформа жасап, кадрдык жаңылануу планын колдоо максатында кабыл алынды.

Азербайжан парламенти 125 депутаттан турат. Кезектеги парламенттик шайлоолор 2020-жылдын ноябрь айында өтмөк. Эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин президент кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM