Биз менен байланышыңыз

Өкмөт менен коомчулуктун ЕАЭБге берген эки башка баасы

Экономика | 2 Дек 2019 | 1007 | 0

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте 48 техникалык регламент ишке кирсе, Кыргызстанда алардын 41и иштейт. Бул тууралуу биримдиктеги жыйынтыктар, тажрыйба жана келечек» аталышында болуп өткөн конференцияда айтылды. Анда 2015-жылдан бери Кыргызстан ЕАЭБке киргенден бери экокономикада төмөн көрсөткүч болбогону, тескерисинче, өндүрүштө, соода-алакада өсүүнүн байкалганы тууралуу айтылды. Деген менен Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер жана ишкерлер биримдик өлкө үчүн буга чейин жана мындан кийин да терс таасирин тийгизерин айтышты.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиккке киргенине 5 жыл болду. Аталган жылдар аралыгында биримдик тарабынан Кыргызстандын пайдасына кандай иштер аткарылды, кандай жетишкендиктерге ээ болгондугу тууралуу талкуу болуп, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргызстан биримдикке киргенден баштап, өлкөнүн экономикасында эч кайсы экономикалык көрсөткүчү түшпөгөнүн билдирди:

-Биз бул учурда ишенимдүү түрдө биримдиктин кыйынчылыктарын ийгиликтүү басып өттүк деп айтсак болот. Өндүрүштө, соода-алака мамилелеринде бир топ өсүүлөр байкалды. Ошол эле учурда биз союзга киргенге чейинки мамлекетибиздин экономикасы кандай болсо, киргенден кийинки төмөндөөлөрдү көрө алган жокпуз. Ишкерлерибиз, өндүрүүчүлөрүбүз биримдиктеги талаптарга көнүп, бир нукка түшүп калды. Ошондой эле, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 5 жылдын ичинде 2%га өстү.

Аскаров: ЕАЭБдеги артыкчылыктарды көргөн үчүнчү өлкөлөр кызыгуусун билдирүүдө

Ал эми экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Кыргызстан ЕАЭБке киргенден бери экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди. Буга чейин Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы товарлардын өтпөй калышы, биздин ишкерлердин биримдиктеги талаптарга жооп бербей калган сыяктуу көйгөйлөрдү 2020-жылы кайталабаганга аракеттер жүрүп жатканын айтты. Мындан 5 жыл мурун эксперттердин биримдикке Кыргызстан кирбей эле коюшу керек, жыйынтыгы начар болот дегендер үчүн учурдагы көрсөткүчтөр жооп болот дейт Алишеров.

-4 жылдан бери биз ЕАЭБтин алкагында иштеп, жашап жүрөбүз. Жыйынтыктары жаман эмес. Маселен, соода-сатыктагы муктаждыгыбыз биримдикке кире электе 3 млрд болсо, киргенден кийинки көрсөткүчүбүз 2,8 млрдды түзүп жатат. Инфляциябызды карап көрсөк, кире электе 8-9%га өссө, ал эми биримдикке киргенден бери 2,9 эле пайызды түзүп жатат. Макроэкономикалык туруктуулукту да сактап калдык.

Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Унаалар кымбаттайт

Деген менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстан 5 жылдын ичинде ЕАЭБдин толук жеңилдиктерин колдоно албаганын айтат. Биримдик биздин өлкөгө адилет жана башкаларга берген жеңилдиктерин бербей, тескерисинче, көп жерден саясий чечим чыгарып коюп жатат дейт Иманалиев. Мындан сырткары, эл билбеген, жадакалса, депутаттар билбеген тоскоолдуктар, эрежелер арты-артынан чыгып жатканын кошумчалады:

-Биздин өкмөттүн өкүлдөрү, ортодогу сүйлөшүүлөрдү жетишерлик деңгээлде алып барбай жатат. Биз биримдикке кирип жатканда 3 нерсенин негизинде кирген элек. Биринчиси — кичинекей өлкөлөр, чоң өлкөлөргө туруштук бериш үчүн бириккенге туура келет деген. Экиничиси — биримдик биздин улуттук кызыкчылыктарга туура келет деп кирдик. Ал эми үчүнчүсү — Беларусь, Орусия, Казакстан жана Армения биздин негизги өнөктөш эле. Киргендеги процесс өтө татаал жана сезимтал болду. Акыркы жагдайлар биз күткөн жыйынтыкты алып келе алган жок. Маселен, Орусиядагы биздин мигранттар жылына 100000 рублдан башка сала аблайт деген нерсе жок эле. Же болбосо унаалардын бажы салыгынын көбөйүшү. Ушул сыяктуу бир топ кыйынчылыктар азыр чыга баштады. Буга чейинки Казакстандын чек арасы жабылганда көрдүк, бир гана саясий чечим кабыл алынып калды. Ошол учурда биздин товар өндүрүүчүлөрүбүздүн канча эмгеги күйүп кетти? Маселен, унаа боюнча айтсам, Армения жылдырып эле койду да. Эмнеге Кыргызстан салыкты дагы нары жылдыра албайт?

Казакстан кыргызстандыктардын унааларын кайрадан өткөрбөй жатат

«Кыргызстан ЕАЭБке кирбегенге аргасы жок болчу» дейт «Tredstone Capital Partners» ишканасынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев. 5 жылдын ичинде биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан артта калып, көрсөтүлгөн жетишкендиктерге жетише албаганын жана бул боюнча иш алып барган топ начар иштегенин кошумчалады. Ал эми ишкер аталган жылдар аралыгында бир топ товарлар кымбаттаганын да айтып, буларга токтолду.

-Биз кааласак да, каалабасак да, баары бир биримдикке кирмекпиз. Анткени Орусия менен Казакстан бизди кысмак. Кантип? Биздин ишкерлер товарларын аталган мамлекеттерге жөнөтөт. Темир жол маселесинде көйгөй чыкмак. Орусияда канчалаган мигранттар бар. Аларга залакасы тиймек. Бирок жакшы жагын алып карасак, товар экспорттоодо айрым ишкерлерге жеңилдиктер байкалып жатат. Бул жерде бир чоң көйгөй бар, ал биздин өкмөттө ушул багыт менен иштеген топтордун өтө начар иш алып барганында болду. Башкаларды байкасаңар, көптөгөн жеңилдиктер менен учурда иштеп эле жатышат. Бизде андай жылыштар байкалган жок.

Муканбетов: Кыргызстанда ЕАЭБдеги 48 техникалык регламенттин 41 иштейт

2019-жылдын июль айына карата ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине Кыргызстандын 14 сертификат берүүчү органы жана 33 сынак лабораториясы киргизилген. Катталган лабораториянын бири да сыноолордун бардык түрү боюнча иш жүргүзө албайт.

Эскерте кетсем, Кыргызстан ЕАЭБке 2015-жылы мүчө болгон.

Copyright © 2017 Maral FM