Биз менен байланышыңыз

Муканбетов: Кыргызстанда ЕАЭБдеги 48 техникалык регламенттин 41 иштейт

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 510 | 0

Бүгүнкү күндө ЕАЭБде 48 техникалык регламент ишке кирсе, Кыргызстанда алардын 41и иштейт. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов «Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикте: жыйынтыктар, тажрыйба жана келечек» аталышындагы конференцияда билдирди.

Анын айтымында, калган 7 регламент 2022-жылга чейин киргизилет.

Санжар Муканбетов белгилегендей, ушул жылдын июль айына карата ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине Кыргызстандын 14 сертификат берүүчү органы жана 33 сынак лабораториясы киргизилген. Ошол эле учурда ал, катталган лаборториянын бири да сыноолорду бардык түр боюнча жүргүзө албай тургандыгын айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM