Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда нааразычылыкка чыккан эл жолдорду тороп алышты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 3238 | 0

Өзбекстандагы Фергана облусунун Кувин районунда элдер газ менен жарык берилүүсүн талап кылып нааразылыкка чыгышып, жолдорду тосуп алышты. Бул тууралуу “CA-NEWS” порталы жазды.

Маалыматка ылайык, күбөлөр социалдык тармакта жолдор тосулуп, тыгындар жаралганын жазышууда. Бул билдирүүлөр тууралуу расмий органдар үн ката элек.

Буга чейин, Андижан облусунда көгүлтүр от менен жарыктын жоктугунан улам топ болгон эл транспорттук жолду тороп алышкан. Дал ушундай эле нааразычылык акциялары бир күн мурда Сырдарыя облусу менен Каракалпакстанда да өткөн.

Өзбекстанда суук башталгандан бери энергетикалык кризис уланып келет. Бир нече региондордогу тургундар социалдык тармактар аркылуу газ менен жарыктын жоктугуна нааразычылыгын билдирп келишет. Ташкентте да жеткирүү үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM