Биз менен байланышыңыз

«Чыгышэлектр» 3196 кардардын үч фазалуу жылыткычына пломба басты

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 388 | 0

«Чыгышэлектр» ишканасынын кызматкерлери электр жарыгын үнөмдөө максатында жарыкты пайдалануу эрежелерин аткарылуусун көзөмөлдөө рейддерин жүргүзүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон кардарларга жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч жана башка жабдууларына убактылуу пломба басылууда.

Бүгүнкү күндө ишкана тарабынан 3196 кардардын үч фазалуу электр жылыткыч жабдууларына пломба басылды. Ал эми 4752 кардарга жабдыларды сактай турган изолятор (орешковый предохранитель) орнотулду.

Бул иш чара кыш айларында электр тармактардагы авариялык абалды алдын алып, кардарларды үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоого багытталган.

«Чыгышэлектр» ишканасынын кызматкерлери Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ар бир райондук электр тармактарына бекитилип, биргеликте рейддик иштерди алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM