Биз менен байланышыңыз

Трампка импичмент жарыялоо иши добушка коюлат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 447 | 0

АКШ Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде 3-декабрда импичмент иштери боюнча угуулардын негизинде түзүлгөн доклад добуш берүүгө коюлат.

Маалыматка ылайык, конгрессмен доклад тууралуу талкууну дүйшөмбү, 2-декабрь күнү баштап, кийинки күнү добуш берүүгө коёт.

Комитет уюштурган “украина иши” боюнча ачык угуулар ондон ашык күбөнүн катышуусунда эки жумадан бери өтүп келди. Ага чейин угуулар жабык режимде болгон.

Документти демократтардын көпчүлүгү колдогондуктан, докладдын кабыл алынары күтүлүүдө. Кабыл алынса, андан ары докладды изилдөө иштери менен Өкүлдөр палатасынын Юридика комитети алектенет.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодо башкы саясий атаандашы Жо Байденге тоскоолдук кылуу үчүн шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууну көздөгөнүн айтып, Трампты чыккынчылык кылды деп айыптоодо.

Copyright © 2017 Maral FM