Биз менен байланышыңыз

Centerra Gold Inc: Быйыл Кумтөрдөн 18,2 тонна алтын өндүрүлөт

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 678 | 0

Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын быйылкы жылдын аягына чейин 18,2 тоннага жеткирилет. Бул тууралуу маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын президенти Скотт Перринин жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын, анын ичинде Стратегиялык келишимдин күчүнө киргенин эске алганда, Кумтөр ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9 айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү. Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Абылгазиев менен Перри тараптардын ортосундагы байма-бай байланыш Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун арттырарын жана Кыргызстандын «Centerra Gold Inc» компаниясындагы акцияларынын пакетининин наркына, бүтүндөй эле компаниянын баасына оң таасир этерин белгилешип, Стратегиялык келишимди жүзөгө ашыруунун алкагында мындан аркы төлөмдөр маселеси боюнча пикир алмашышты, — деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Мындан тышкары, Премьер-министр Рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргызстанга көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи.

Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана Фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр, — деди Абылгазиев.

Премьердин ою боюнча, кен жабылганга чейин бул каражаттарды Кыргызстанга жайгаштыруу жана ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык. Ал Өкмөт Кыргызстандын кен тармагында иштеп жаткан бардык компанияларга мындай ырааттуу мамилени жасоо ниети бар экенин баса белгиледи.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM