Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Мирзиёев кызматташуунун келечектерин талкуулады

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 401 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчылары көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыктарлыгын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM