Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек араны талкуулашты

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 364 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек араны талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тажик лидери ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн кечээ Бишкекке келген.

Жолугушууда президенттер эки өлкө ортосундагы алаканын актуалдуу маселелерине, асыресе, чек араларды тактоо, коргонуу жана коопсуздук боюнча пикир алмашышкан.

Талкуу учурунда президенттер кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине негизги маанини берип, өлкөлөр аралык кызматташтыкты жакшыртууга көңүл бурушту, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын жайында эки президент адегенде Тажикстанда, эртеси күнү Чолпон-Ата шаарында кезигип, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM